super.kg logo

Медициналык кызматкерлердин күнүнө карата... Брифингде дарыгерлердин абалы тууралуу сөз кылып жатып, көзүнө жаш алган Айнура Акматова Ардак грамота менен сыйланды

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн Ардак грамота менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Айнура Акматова бүгүн, 3-июлда республикадагы эпидемиологиялык абал боюнча өткөн брифинг учурунда акыркы күндөрү интернетке тарап жаткан видеолор боюнча комментарий берип жатып, көзүнө жаш алган.

Буга чейин Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланганы маалымдалган. Коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүдөгү салымы үчүн жалпысынан 41 медицина кызматкерине ар кандай даражадагы сыйлыктар ыйгарылган. Алардын тизмесин шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
03.07.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дарылаган медиктерге бериш керек эле да биринчи, эшек иштейт, ат жейт болуп атат. Кудай сактасын, дарылап аткан медиктерибиз отуп кетиши мумкун. Ошондуктан Жер жерлерде, акимдер мэрлер медиктерди аз да болсо суйундуруп конулдорун алып коюш керек эле да
03.07.2020. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сыйлыгыңар кут болсун, сырттан карап туруп айтканга оңой болгону менен медиктерге да жеңил эмес, айтор Кыргыз элибиздин ден соолугу таза болуп, кырдаалдан жеңил чыгып кетсек экен..
03.07.2020. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларга премия (Акча) бериш керек. Ардак грамотасын үйүнө алып барып бышырып жешмек беле! Акчаларын көбүрөөк берсе көңүлдүү иштешет, ток болуп! Юечараларды кагаз менен алдап коюушкан тура!!!
03.07.2020. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tular,байкуштарга нормально тамак да док. 3кундон бери ушул кашаны деп атабыз деп бир врач кейиптир го. Чындыгында ошондой. Больницаларда только суук тамак, ещк тузу жок, шорулдап эле сууну толтуруп куюп коюшат. Мен Ысык колдун Жылуу Суу деген жерине барып эс алып келгем 1-2жыл мурун. Орумтаи иштешет экен . Шорпо жасап берсе да даамдуу, эти жок, бирок чын конулдон жасайбы, айтор калтырбай ичесин. Обедде вареники, компот, шорпо берет экен.
03.07.2020. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен деле ыйласам бересинерби? Ия а тээтиги чумконуп кийинип алып ысыкта ысыбай баласын сагынбай куйоосун жумуштан кутуп албай тикеден тик туруп кун Тун иштеген кызматкерлерге медаль акчасы мн бересинерби ия. Же аны да жеп коюп даарыга кеткен дейсинерби.
04.07.2020. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gukush00, алардын иштегени көмөксөн болуп отурушатда!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: