super.kg logo

"Шалаакылыктын айынан саат сайын жаш өмүрлөр кыйылууда" дейт 26 жашында пневмониядан каза болгон кыздын агасы. Аны ооруканага жаткыра албай 4 күн жүрүшкөн

 

Бишкек шаарынын Таалайбек Шайымбеков аттуу жашоочусу оор кайгысы менен бөлүштү. Ал билдирүүсүндө саламаттыкты сактоо системиндеги көрүнүшкө кейип, мунун баары өлкөнүн жоопкерчилигин алабыз деп, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасабаган аткаминер, депутат жана башка бийлик бутактагылардын кайдыгерлигинен болуп жатат дейт.

"Биз башыбыздан өткөргөн окуяны ачыктагандан кийин саламаттыкты сактоо тармагында бир аз жылыш болсо деген тилек", - дейт ал.

Төмөндө Шайымбековдун карындашын жоготуп алганга чейин көргөн аракеттери баяндалат:

"Менин карындашым Кундуз Шайымбекова 1994-жылы туулган. Ушул жылдын 30-июнь күнү өпкөнүн эки тараптуу пневмониясынан 10 гүлүнүн 1 гүлү ачыла элек, кырчындай жаш кезинде менин бир тууган эң кенже карындашым дүйнө салды.

Бардыгы 24-июнь күнү башталды!

Карындашым адаттагыдай жумушунан үйгө келип, эс алганы жаткан. 2-3 саат уктап, кечки саат 21:00дө алы жок, башы ооруп, дене мүчөлөрүм ооруп жатат деп ойгонду. Аны биз сасык тумоо катары баамдап, ага каршы дары ичип кайра эс алып жаткан. Эртеси 25-июнь күнү баш оорусу басылып, дем алуум оор болуп жатат дегенинен биздин аймакка караштуу поликлиникага эртең менен саат 9дарда терапевтке алып келдим. Ал жактан дене табың нормалдуу, сен үйдөн эле дарыланасың деп бизди кабыл албастан, эшиктен эле антибиотик, вируска каршы дарыларды жазып берип кетиришти.

26-июнь күнү карындашымдын акыбалы оорлоп баштады. Дем алуусу кыйындап, оорусу күчөй баштады. Мен "Тез жардам" унаасын чакырсам, 1 сааттан кийин келишти. Аларга карындашымдын акыбалы оорлоп жатканын айтып, тез арада ооруканага жаткыруу керектигин айтсам, алар менин сөзүмдү четке кагып, үйдөн эле дарыланасыңар деп валерьянка берип кетип калышты.

Андан кийин бир саат өтпөй, карындашым мага телефон чалып, менден тез арада үйгө келүүмдү өтүндү. Мен үйгө келгенимде акыбалы мурдагыдан да начарлап кетиптир. Мен аны тезинен унаама салып, Фучиктеги ооруканага алып жөнөдүм. Ал жактан карындашымдын абалы оор экенине карабастан, орун жок деп кабыл албай коюшту. Мен эмне кыларымды билбей, Республикалык ооруканага алып бардым. Ал жактан терапевттик бөлүм карантинде экенин айтып, жүрөгүнүн согуусун, кан басымын текшерип жөн гана тамчылатма дары берип, баары жакшы эле экен деп бизди Урология борборуна баргыла деди. "Барып анализ берип көргүлө, бир аз шишип калыптыр, бөйрөктөрү иштебей жатышы мүмкүн" дешти. Ал жактан да анализ берип, бөйрөктөрү жакшы деген жыйынтык алдык. Ошентип кайра үйгө жөнөдүк. Үйдөн кайра "Тез жардам" чакыртсак, баягыдай эле сөздөрдү айтышты!

ПЦР-анализ жок ооруканага жаткырбайбыз, акыбалы силерден да оорлору көп. Силер үйдөн эле дарыланасыңар деп кайра бир укол жасап кетип калышты.

Эртеси, 27-июнь күнү үйдөн карындашыма тамчылатма дарыны жеңебиз коюп берип жатты. Андан кийин абалы бир аз жакшыргансып калды.

Бирок 28-июнга караган түнү карындашымдын акыбалы начарлап, эсин жоготуп баштады! Мен түнкү саат 1де туугандарыбызга чалып, карындашымды унаама салып ооруканага жөнөдүк. Эң биринчи эле Фучиктеги ооруканага барсак ал жакта эл толтура! Оорукана толуп калды деп эч кимди кабыл албай, эшиктен эле кууп жатышты. Карындашымдын эриндери көгөрүп, дем ала албай жатканын көрүшсө да бизди кабыл алышпады. Андан чыгып эле кайра Республикалык ооруканага барып, өпкөсүнө рентген тарттырдык. Аны терапевт көрүп, өпкөсүндө эки тараптуу пневмония бар экенин айтып, бизди тезинен Улуттук госпиталга жиберишти. Бизди ал жактан да эшиктерин жаап кабыл алышпады. Бул жакка ПЦР-анализ менен гана алабыз дешти. Биз ал жактан чыгып, айлабыз кеткенде Чүй облустук ооруканасына жөнөдүк. Ал жакка барсак аларда обсервация жок экенин айтышты. Бизди Кантка, Сокулукка же Воронцовкага барышыбыз керек экенин айтып, Канттагы ооруканага багыттама жазып беришти.

Ошентип таңкы саат 04:00дө Канттагы ооруканага жетип барып, карындашымды оор деп баалап түз эле жандандыруу бөлүмүнө жасалма дем алдыруучу аппаратка кошушту да, биздин мындан ары бул жакка кире албастыгыбызды айтышып, эшикке чыгарып коюшту. Биз телефондон гана карындашымдын абалын билип жаттык. Абалын туруктуу оор деп жатышты. Айлам кеткенде дарыгерлерге акча берейин деп 30-июнь күнү Канттагы ооруканага баратканымда, мага белгисиз номерден телефон чалып суук кабар угузушту!

"Уктуңар беле? Карындашыңыз бүгүн саат 08:00дө каза болду" деди чоочун үн. Менин болгон дүйнөм токтоп, "эмне, эмне дейсиңер, алло, алло" десем, "кайрат кылгыла" деп байланышты өчүрдү. Ошентип бир боорумдан бир заматта айрылып калдым!

Ким бейтапты ПЦР-анализсиз кабыл алынбасын деген чечимди чыгарды?

ПЦР-анализди биз ооруп баштаган күнү эле тапшырганбыз, ал да 4-5 күндө чыгат экен. 4-5 күндө карындашымдын акыбалы саат сайын оорлоп, аягы эки тараптуу пневмонияга алып келди.
Муну менен эмне айтмакчымын, биздин бийлик, биздин өкмөт, биздин парламент, силердин шалаакылыгыңардан, алсыздыгыңардан, сабатсыздыгыңардан ушундай жаш өмүрлөр саат сайын өчүп жатат. Эмне үчүн эч даярдык көргөн эмессиңер? Эмне үчүн ИВЛ аппараттар, медикаменттер жетишсиз? Январь айында башталган пандемияга эчак даярданып, баарын алдын алууңар керек болчу.
Эми баарын тезинен колго алгыла. Эгерде кимде ким ооруса, тезинен аракет көргүлө. Биздин үй-бүлөнүн кайгысын эч кимге каалабайм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(50)
04.07.2020. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Аттиң ай! Жапжаш кыз экен (Сабыр тилейм
04.07.2020. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Жайы жанаттан болосун! Жаман кайгырып датам коз алдыма элестеп... Сабыр берсин...
04.07.2020. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Биздин доктурлар акмак корупцияга көнгөн эшектер тоготпойт атыш керек ушундай врачтарды
04.07.2020. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kuban-1207,Врачтардын ушунча аракети козунорго корунбой жатабы? Айлап уйлоруно барбай, балдарын корбой, дурустап тамактанбай, уктабай иштеп жатышат. Акыбалдарын бир коргуло,ким акча алып дарылап жатыптыр ушул убакта?
04.07.2020. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Aisono14, кыйналып Ош облустук торотканага барсам кесерева кылабыз, операцияга 4000, наркозго 2000 дешкен. Апам мен апкелип берем деп жатып операция болгом. Озум торой албайм. Давление бойроктон. Аларды алып кийин тороттон кийинки гникологго 200 сом берсем бул не деп ыргытып жиберген. 200 сомду акча ордуна корушпойт. Кудайым озу сактасын
04.07.2020. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nurislam-Nuraiym,точно роддомдон башташ керек коррупцияда жашап калышкан. Айла жок балан учун бересин.
05.07.2020. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_PeriWa_,азыр эл үчүн деп иштеп вирус жугуп ооруп өлүп дагы жатышат көп врачтар. Коррупция болуп келген баардык тармакта. Эң чоң коррупционерлер врачтар эмес! Ошол мамлекеттин, донорлордун акчасын жегендер!
04.07.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kuban-1207,мал экенсиң сен. Врачтардын ущунча ишин жоокко чыгарган.
04.07.2020. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Rifle_I, барсан адам ордуна корбойт. Озун ишин тушсо билесин. Ошто врачтар акчасыз кок ийненин ###### туртпойт. Кудайым ыйман берсин
05.07.2020. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurislam-Nuraiym,ал врачтардын айлыгы канча экен деп кызыктыңар беле?
05.07.2020. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sajakat14,врачтардын айлыгын билбейм. Мен мектепте ийрим мугалими анан секретар болуп иштеп 5500 айлык алып, азыр декретте отурам. Мен деле кечке компютерде мугалимдердин толтура кагазын жазам. Менин айлыгым аз деп кайсы жактан акча жейин. Айтчы. Догдурлар ач коз болуп кетишкен да ошол учун олуп жатса да акча сурайт. Шугур дешпейт.
05.07.2020. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurislam-Nuraiym, Акылдуу болсоңуз врач болуп, иштеп анан оюңузду жазыңыз. Же балдарыңыз Кудай буйруса бизге окшоп врач болуп, неблагодарный адамдардан сизге окшогон аламдардан ушундай сөздөрдү уксун.
05.07.2020. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I, Бишкекте врачтар мисалы акча
сурашпайт. Кассага тогосун болду. Ошто мисалы
Сразу акча сурайт. Кирип баратканда эле. Сен
озун жанын ооруп барсан акча дейт. Эмне
чычалайсынар. Бишкекте сестренкам жашайт.
Кесарева менен торойт. Акча алышпайт. Эмнеге сурайт деп тан калат.Ошто мен
Торойм врачтар ачык эле акча сурашат. Сен эмне
Гникологсунбу? Анча чычалайсын. Мен туура
Нерсени айтып жатам. Эмне Бишкекте врачтардын
Айлыгы коп, Ошто
05.07.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurislam-Nuraiym, мага жаз 0777776365. Бир күн келип жардам бер бизге. Балким ошондо акылыңа кирип кечирим сурайсың.
05.07.2020. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_I, акылдуулар эле врач бекен. Ошентип ким айтты. Акылдуу болсонуз врач болуп дейсин да. Врач болбосо да сенден акылдуу адамдар бар жер устундо. Озунду ото акылдуу сезбе. Буйруса менин балам врач болсо деп ниет кылып журом. Врач болсо Кудайым Буйруса адамдардан пара сурабасын деп туура жолго тарбиялап жатам. Ошто обл торотканадагы врачтардын баары коррупцияга батып калган. Ар бир кесаревадан 4000 наркозго 1000 андан сырткары толтура акча алышат. Ошондо алар менин бир айлык акымды бир кундо
04.07.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Kuban-1207, мен врачмын. Акылдуу жана эркек болуп сөзүңө жооп бере ала турган болсоң кел жардамга. Чыныгы абалды көрүп , балким кечирим сурайсың. Ушул комментарийге лайк баскандар дагы кимдин эрки жетсе келгиле жардамга. Ооруларды ташыганга, кровать жылдырганга, тамак аш ташыганга. Болбосо кө.үңөрдү кысып үйдө отургула, оорунун санын көбөйтпөй.
04.07.2020. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuban-1207,эШек нак сенсин айкыргандан башканы билбеген,медиктердин ордунда бир саат иштеп корчу.
05.07.2020. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuban-1207,врачтар күнөлүү эмес бул жерде! Карантинди эмнеге киргизишет? Оору көбөйбөш үчүн,анан элдер үйдө отуруп оору аз ылдамдыкта жайылып жаткан учурда ооруканаларды салып, керектүү жабдыктарды алып оорунун карантинди алгандан кийин күчөгөн учурунда элдин жанын колдрюон келгенче сактап калыш үчүн! Оорукана жетишпесе врач келген бейтапты каякка жаткызат? Дем алдыруучу жабдыктар жетишпесе жмне менен өпкөсүн дем алдырат врач? Чет жактагы донорлордун акчаларына эмнеге оорукана салынган жок КГ?
05.07.2020. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuban-1207, депутаттар жоопкерчиликтүү момент келгенде чет жактагы Covid19 вирусуна каршы туруш үчүн берилген акча кыргыз маилекетине которорулаары менен отпускага кетип жоголушту!!! Ким күнөлүү бул жерде врачтарбы же депутаттарбы? Ошол акчалар кайда вируска бөлүнгөн? Активисттер, чет дактагы кыргыздар, ырчылар акча чогултуп ИВЛ аппаратын алып датышат өпкөнү дем алдырган!
05.07.2020. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kuban-1207, лайк баскандар, жана Кубан жазгыла мага. Бир күн врач болуп иштеп жардам бергиле 0777776365. Керектүү защита болот.
04.07.2020. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Байке окуп алып аябай кайгырдым,карындашыныздын жаткан жери жайлуу болуп, Алла Таала оз мээримине алып,Бейиштен орун берсин.Жалпы ата-эне,тууган,жакындарыныздарга сабр тилеймин.

Мамлекетке айтаарым ойгонула,ойгонгула,ойгонгула...!!!


Штаб силерде куноо коп,эми вирус жок болгондон кийин билинет,байкалат деп ойлойм.
04.07.2020. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чырактай кыз каза болуп калыптыр бейишин берсин окунучтуу бир туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам эгер менин коментариямды окуп калсаныз карындашыныз ошол оорууганы куну эмне антибиотик ичти же ичпей калдыбы кенениреек жазып кетинизчи сураганыма кечирим сураймын бирок эл билсе экен деймда
04.07.2020. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ишенбегендер гигенаны сактагыла,окуп алып ыйладым токтоно албай.
04.07.2020. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушунун баарына Азыркы Бийлик азыркы Окмот кунолуу силердин шалаакылыгынардын айынан ушундай жаш омурлор кыйылып жатат
04.07.2020. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ыйманы саламат болсун! Коп жерде ооруп атышат азыр кудай эле сактаса экен.
04.07.2020. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин айылдан экен.. Ата энеси бир туугандарынын кайгысын тен болушобуз
жайы жаннаттан жаткан жери жайлуу
топурагы женил АЛЛАХЫМ бейиштен оорун берегор
04.07.2020. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаткан жери жайлуу болсун
04.07.2020. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жайы жанаттан болсун Аминь
04.07.2020. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булардын шалаакылынан канча омурлор кыйылып атат кимиси жооп берет.Укол сайыш бизнес болуп кетиптирго Бир кун кечке журуп укол ала албай койдук дейт
04.07.2020. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Козумдон жашым токтобой жатат(((( Аллах бейиштен орун берсин. Сабыр.
04.07.2020. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун! Аллах бейиштен орун берсин. Сабыр тилейм! Бирок бирөөнүн өлүмүндө бирөөнү күнөөлөгөн туура эмес. Баары Кудайдын колунда. Ажал келсе ооруканада жатып, жүз врач карап жатса да алып кетет. Мен да түшүнүп турам жапжаш бир боорунан ажыроо канчалык кыйын, оор экенин. Бирок тагдырга баш ийбеске аргабыз жок. Ичээр суубуз түгөнсө баарыбыз кайда болсок да бул дүйнө менен кош айтышып кете беребиз.
04.07.2020. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооруп баргандарды барганда эле томографияга жонотуш керек,анан ошого карап ооруканада же уйдо дарылаанарын чечишет,карындашынардын жаткан жери жайлуу болсун,анан неге врачтарга акча берейин дедим эле депсинер,акча беруунун кереги жок,озубуз ушинтип уйротобуз.Мындай кырдаалда акча алып карагандарды жазалаш керек.
04.07.2020. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
nurzada78,Жон карабай атса, карындашы олуп атса айла жок беретда анан
04.07.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turaliev,Врачтар карайт,жетишпей жатышы мумкун
04.07.2020. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өтө өкүнүчтүү
04.07.2020. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ооруп баргандарга мурда эле кош көңүл кылган дарыгерлерге эми табылбай эле калды да баары дебейм бирок арасында ант ургурлар көбүрөөк.Арман дүйнө жакындарына сабыр тилейм
04.07.2020. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жапжаш кыз экен аттин.Биз деле 25- июньда анализ тапшырганбыз.Синдим температура болуп атат уйдо жатат.Анализ чыгалек дешет звонок кылсам.Парацетамол менен Азитрамицин ичсин деди поликл.врач болду.Анализ качан чыгышын оздору да билбейт.118 ге чалсам албайт экен алар кечеси звонокту.Скорыйга чалсам 118 ге чал дешет врачына чал дешет качышып.Эмне кылышты билбей калдым.
04.07.2020. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арты кайрылуу Болсун! Сабыр!
04.07.2020. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мекенибизде абал оорлошуп баратат, Биздин медицина кызматкерлеринин акыбалы ушул болсо, ар бирибиз өзүбүзгө күйөлү, сак болойлучу, маска тагынып жүрөлү. Ар бир адам өзүнө күйбөсө башка эч ким күйбөйт.
04.07.2020. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттин ..жакшы Кыз эле..жаткан жери жайлуу болсун! А чондорго врачтарга айтаарым .жооп бересинер тиги дуйнодо....
04.07.2020. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмактар. Таласта да ушундай кейипте ,врачтар парацетамол жазып эле кетирип жиберишет. Иштери да жок. Анализ алышпайт вообще
04.07.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аттиң аттиң жаш экен эле , келгиле туугандар ушул алсыз паракор парламентти келерки шайлоодо шайлабай эле койойлучу
04.07.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
карновирус жок деп бийлике асылгандар эми эмне дейт...
Аттин кыргыз элим чекеден кырылышка туштук го...
Эми кантик сабырдан башка айла жок,озубузду озубуз сактайлы ,Аллахым алакандай кыргыз элимди сактасын бирок сактанганды сактайм дейт.Озубузду озбуз сактайлы...
04.07.2020. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке с...л п..ор иштей албасан былжырап к...ко келдинби
04.07.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен врачмын. Аябай өкүнүчтүү кабар. Чынында орун жок, ИВЛ жетишсиз. Дары дармек да жетишсиз. Врачтардын тамак ашын караган адам аз.
Менин мед.сестрам ооруп калды. Дагы 4 ооруу бар, абалы жакшы эмес. Кислород дагы 8 сааттык калды. Андан кийинки картина белгисиз.
04.07.2020. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Больницага кириштин эки варианты бар, бири акча менен экинчиси пистолет менен, вот ошондо карашат. Мага ишенип койгула.
04.07.2020. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынар бийликти эле жамандайсынар, ошол бийликти Атамбаев силерге таңуулаганда уктай бербей айтпайт белеңер. Экинчиден, пандемия башталгандан бери көчөдө маска жок жүрөсүңөр, эй кийбейсиңби десе, вирус жок бул политика деп. Албетте минтип менин деле жакындарым курман болушу мүмкүн, а бирок баардыгыбыз жоопкерчиликти сезгенде мындай болбойт эле. Дүйнөдө кырсык 6 айдан бери болуп жатат а көпчүлүк аны кино көргөндөй эле мамиле кылып жүрдунөр. Баарыңарга ден-соолук каалаймын.
04.07.2020. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттин, аттин ай.....
05.07.2020. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карындашыңыздын жаткан жери жайлуу болсун! Айла жок! Кыргызстан мамлекет деп кагазда эле жазылат экен. Чын жашоодо Кыргызстан Кыргызстан эмес эле Абсурдистан экен!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: