super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 11 миллиондон ашты

 

Бүгүн, 4-июлга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 11 миллион 48 миң 509 адамга жукту. Анын ичинен 5 миллион 849 миң 287 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 524 миң 663 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 793 миң 435 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 790 миң 404, каза болгондор - 129 миң 432.

Бразилия 1 миллион 539 миң 81 адам менен экинчи орунда турат. Анда 984 миң 615 бейтабы ооруну жеңсе, 61 миң 884 бейтабы кайтыш болду.

Орусияда 666 миң 941 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 398 миң 155, каза болгондор - 9 миң 844.

Индияда 625 миң 544 адам бул илдет менен жабыркап, анын 379 миң 892 бейтабы айыккан. Кайтыш болгондор - 18 миң 213.

Ал эми бешинчи орунга 295 миң 599 жараны инфекцияны жуктуруп алган Перу өлкөсү чыкты. Аталган өлкөдө ооруну жеңди делинген жарандар - 185 миң 852, каза болгондор - 10 миң 226.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: