super.kg logo

Сеид Атамбаевге пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылды

 

Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ооруканада пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына барып келгенден бир нече күндөн кийин алы кетип, дене табы көтөрүлүп, муундары ооруй баштаган. 3-июлда ага пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылганы айтылат билдирүүдө. Сеид Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине жана укук коргоочуларга кайрылып, ооруканага барып, анын тынчын албоону суранган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония диагнозу менен президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын оорукананын "кызыл зонасында" жатканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: