super.kg logo

Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев каза болду

 

Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев каза болду. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"ИИМдин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, Генералдар клубу, Ардагерлер кеңеши, андан сырткары министрликтин өздүк курамы милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бүгүн, 4-июлда милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Доктурбек Курманалиев айылында аскердик жөрөлгөлөр менен акыркы сапарга узатылат",
- дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

Сабырбек Курманалиев 1954-жылы Чүй облусунун Дмитриевка айылында туулган.
1978-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун инженер-курулушчу адистиги боюнча аяктаган;
1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган;
Ички иштер органдарындагы кызматын 1980-жылы Сокулук районунун аткаруу комитетинин ИИБинин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчү болуп баштаган;
1984-1987-жылдары Кара-Балта шаарынын аткаруу комитетинин ИИБинин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчүсү;
1988-1993-жылы Кара-Балта ШИИБинин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча бөлүмүн жетектеген;
1993-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБинин башчысынын орун басары;
1995-1998-жылдары ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы;
1999-2004-жылдары Чүй облусунун Сокулук РИИБинин башчысы;
2004-жылы ИИМдин кызматтык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;
2005-жылдан 2008-жылдын аянварь айына чейин Нарын ОИИБнин башчысы;
2008-жылдын январынан август айына чейин Чүй ОИИБинин башчысы;
2008-2010-жылдары ички иштер министринин биринчи орун басары;

Кызматындагы эмгектери үчүн "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен, ошондой эле башка мамлекеттик жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган. Милициянын генерал-майору наамына жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: