super.kg logo

Бишкек шаарында ачылган күндүзгү стационарлардын даректери жана байланыш номерлери

 

Кечээ, 4-июлда Бишкек шаарынын 4 районунда күндүзгү стационарлар ачылган жана дароо эле бейтаптарды кабыл ала баштаган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкен.

Алар күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштешет. Пневмония жана курч респиратордук инфекция менен жеңил жана орто абалда ооругандар аталган жайга барып, укол жана тамчылатма дары алса болот.

"Учурда ооруканага жата албай жаткан адамдар өтө көп. Алар оор абалдагы бейтаптардан бошобой жатат. Бирок оорунун алгачкы белгилери байкалган жарандар бар. Үйдө жатып алар оорусун күчөтүп албашы керек. Баары өз убагында медициналык жардам алуусу үчүн шаардык муниципалитеттин күчү менен борбор калаанын төрт районунда стационардык борборлор ачылат. Мында тажрыйбалуу дарыгерлер нөөмөткө туруп, консультация берип, зарыл процедураларды жасашат", - деген өкмөт башчы Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы айткандай, ар бир стационардык борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлешет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга ушул убактылуу медициналык борборлорго кайрылууну сунушташат. Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.07.2020. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуга да болсо шүгүр. Бир капельницасы канча сом экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: