super.kg logo

Искендер Матраимов: "Акыркы төрт күн ичинде Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду"

 
Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргыз өлкөсүндө эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдетине каршы күрөшүү акциясын улантууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ар бир Кыргыз жаранын бул кырдаалда кайдыгер карап турбай, элге кол сунуусун, ак халатчан өмүр сакчыларына колдоо көрсөтүү керектигин айткан эле.
"Акыркы төрт күн ичинде Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду.
Бүгүн саат 14:00дө биз Бишкектеги «Rixon» мейманканасынын базасында оорукана ачып жатабыз. Бул жакта жалпы орундардын саны 60. Мейманкананын аймагында дарыгерлер үчүн жатакана уюштурулат;
Мындан сырткары «Эльдорадо» соода борборунун аймагында да стационар ачылат. Ал оорукана 200 адамга ылайыкталган;
Ошто «Андрос-Ош» көп профилдүү оорукананын базасында да 35 орундуу оорукана ачылат;
Эгерде ооруканалар дагы деле жетишпей жаткан болсо, биз «EREM» спорт комплексин күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз", - деп айтылат маалыматта.
Бул убактылуу ооруканаларда фонд коронавирус илдетинин кесепетинен келип чыккан пневмониянын оор түрү менен жабыркаган оорулууларды айыктыруу үчүн бардык шарттарды түзүп жатат. Ар бир ооруканада жандандыруу бөлүмү болот.
Алсак, Райымбек Матраимов тарабынан:
- 10 жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ);
500 кислороддук концентратор;
2 портативдүү рентген аппараты;
50 кандагы кислородду текшерүүчү оксиметр;
200 дарыгерге коргонуучу костюмдар сатып алынды.
Андан тышкары дарыгерлердин айлыктары, оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин 3 маал тамагы фонд тарабынан камсыздалат.
Кайрымдуулук фондунун өкүлү Искендер Матраимов, вице-премьер Акрам Мадумаров атайын комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптарды дарылоо процессин көзөмөлгө алып, ооруканаларды дарыгерлер менен камсыздоо ишин колго алмай болду.
Өз кезегинде Райымбек Матраимов жана Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун командасы Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министрлигине тез арада кызматташкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
05.07.2020. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Молодцы ушундай кыйынчылык мезгилде башынан бери эле жардам берип келатат Али отуруп алып шыбай берет конул бурбагыла .
05.07.2020. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Kylychisa,пахта
05.07.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ыраазы болсун!!! Акчасын чөнтөгүндө санаган сараң байлардан көрө, ушундай кыйын кезде элине кызмат кылган адамдар көбөйө берсин...
05.07.2020. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
1000 сом урдап, 10 сом жардам бергендейледа
05.07.2020. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
maksat_osh,көзүң мн көрдүңбү далилиң барбы? кичине кудай тообо дегилечи ушундай оор күндөрдө элге жардам бергендин өзү эрдик эмеспи бирөөнүн ийгилигин көрө билүү да март адамдын колунан келет
05.07.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай кырдаалда жардам бергендерге Аллах ыраазы болсун
05.07.2020. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мыйзамсыз байып, байлыгын келемиштей болуп бекитип тымпыйып отургандар көп азыр элибизде. Аларга караганда Матраимовдор эр экен. "Ата-журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга" деп Ж. Мамытов жазгандай болгула туугандар!
basyz-kaman түзөттү 2020-07-05 13:34:58
05.07.2020. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Матраимоторду калп эле мактабагыла. Эптеп шайлоого жакындап калганда башталды мунун баары
05.07.2020. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шайлоо алдында Матраимовтордун хитрый тактикасы башталдыбы
05.07.2020. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эшеги ылайдан откончо. Таможныйдан элдин акчасын жеп анан кайра элге садак бергенди мактагандар кулдан да жаман.
05.07.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рахмат
06.07.2020. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Матраимов көт, Соке башкарбай эле ушул башкарат Кыргызстанды
06.07.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соке бийликти Райымга откоруп бер. Ошондо законно болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: