super.kg logo

Өкмөт 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды

 

Өкмөт 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды, алар бүгүн чартердик каттам менен Кытай Эл Республикасынан алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин өкмөт тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 миллион сом бөлүнгөн.

Мобилдик кычкылтек концентраторлорун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр аптанын башында башталган. Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчилигинин ыкчам ишинин натыйжасында мобилдик концентраторлор кыска мөөнөттө республикага жеткирилди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даана келди, кийинки 500 даанасы өлкөгө келерки аптада жеткирилет.

"COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында бүгүн өлкөгө жеткирилген мобилдик кычкылтек концентраторлору өтө зарыл. Кычкылтек концентраторлору көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет", - деди Исмаилова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кычкылтек концентраты ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган жарандар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөшүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
05.07.2020. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kitaydikin albai ele koiso bolmok
Andan koro Koreyadan ele oshol akchaga alsa
05.07.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр ушул ковид 19 кобойуп бараткан маалда карантинге жапса жакшы болмок . Таанып билип жургон адамдар отуп кетишти .элдер дурболон тушот жапса деп жатышты эле , эми андай болбосо керек анткени жакындарыбызды,балдарыбызды ойлойлу да . Супер инфо карантин болушуна канча адам каршы канчасы маакул экенине сурамжылоо кылсанар элдин ойун да билели
elyadayan түзөттү 2020-07-05 11:34:07
05.07.2020. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин эле 2 таанышым каза болду...эл укмуш барып жатыптыр....окмот ошолорду козомол кылсанар боло...
05.07.2020. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорку Кенешке болгон шайлоого 1 миллиард 200 миллион сом жумшалат болчу.
Жумшагыла элдин саламаттыгы учун.Пайдасыз саналуу депутаттарга караганда элибиздин саламаттыгын ойлойлу.
550 доллардан беле кычкылтек концентратор?
100.000 сомдон сапаттуусун алган окшойт биздин азаматтар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: