super.kg logo

MegaCom ооруканаларга дем алдыруучу 50 аппарат бөлөт жана ЖМКларга жарнама берүүдөн убактылуу баш тартат

 

MegaCom жакынкы күндөрү Кыргыз өлкөсүнө Түркиядан алып келине турган 50 дем алдыруучу аппаратты сатып алып, республикадагы медициналык мекемелерге өткөрүп берет.

MegaCom компаниясы социалдык жооптуу мекеме катары мамлекетке жана өлкөнүн жарандарына коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө ар дайым жардам берип келет жана калкка активдүү кызмат көрсөтүп, жардам кылууну улантып келет.

"Кыргызстандыктардын алдында элдин тагдыры үчүн өзүбүздүн жоопкерчиликти сезип, техника кимдир-бирөөлөрдүн өмүрүн сактап калууга жардам берерин түшүнүп, өлкөдөгү медициналык мекемелерге өткөрүп берүү үчүн Түркия республикасынан 50 дем алдыруучу аппаратка буюртма бердик", - деп белгилейт "Альфа Телеком" ЖЧКсынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Мындан тышкары MegaCom уюлдук операторунун жетекчилиги тарабынан ЖМКларга жарнама берүүдөн убактылуу баш тартып, ага бөлүнгөн каражатты коронавирус инфекциясы жана пневмониядан жабыркагандарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектерди, медициналык жабдыктарды алууга жумшоо чечимин кабыл алды. Муну менен катар "Альфа Телеком" ЖЧКсы ТВ, радиодогу PR-кыймыл жүргүзүүдөн, ошондой эле интернетке жарнама берүүнүн ири бөлүгүнөн толугу менен баш тартат.

"MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалдын курчуп жаткан учурунда медицина кызматкерлери жакындары, туугандары менен ар дайым байланышта болуп, ошондой эле кесиптештери менен иш алып барууга шарт түзүү максатында COVID-19 менен күрөш жүргүзүп жаткан дарыгерлерди байланыш менен камсыздоону уланта бермекчи", - деп белгиледи Акылбек Жамангулов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
05.07.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылбек Жаманкулов жаш, мыкты менеджер экен. Азаматсын.
05.07.2020. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына мегаком Кыргызстандыкы ошка билайндын акчасы чет элге кетет.Эми коруп алгыла кыйын кезде озундуку жардамга келет.А тигилер бул жонундо ойлоп да койгон жок.Ошон учун ар дайым атамекендик товарларга колдоо корсотуу кк.Акчасы озубуздун ондурушко жумшалат.Же мына минтип хотя бы дем алдыруучу апараттарды алып озубузго эле пайдасы тийип атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: