super.kg logo

Чүйдө 21 стационар ачылды. Медициналык жардам көрсөтүлүүчү жайлардын даректери

 

Чүй облусунун аймагында 21 стационар ачылып, анда курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо, ийне саюу, көрсөтмө-кеңештерди берүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Стационарлар төмөнкү даректер боюнча ачылды:

Сокулук району боюнча

Райондук оорукананын неврология бөлүмүндө;

Сокулук айылындагы №2 үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Военно-Антоновка айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Шопоков шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда.

Жайыл району боюнча

Кара-Балта шаарындагы Макаренко атындагы интернатта.

Москва району боюнча

Александровка айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Ак-Суу айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Беловодское айылындагы спорт мектебинин залында;

Петровка айылындагы орто мектебинде;

Садовое айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Сретенка айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Чапаев жана Целинное айылдарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда;

Биринчи Май айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Беш-Терек айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Төлөк айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

Предтеченка айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда.

Токмок шаары боюнча

Олимпиадалык резервдеги мектепте.

Ысык-Ата району боюнча

"Родничок" бала бакчасында.

Кемин району боюнча

№19 лциейинин имаратында.

Панфилов району боюнча

№9 үй-бүлөлүк медициналык борборунда жана №11 ФАПта.

Аламүдүн району боюнча

"Карагат" кафеси.

Чүй району боюнча

В.Марков атындагы орто мектептин имаратында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: