Жогорку Кеңештин, легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Узакка созулган оорудан улам Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды
Коомдук ишмер Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды. Ал узакка созулган оорудан улам каза болгонун бүгүн, 5-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-июлда саат 10:00дө Кара-Балта шаарынын Целинная көчөсүндө өтөт. Анын сөөгү Тельман айылына коюлат.
Жалгап Казакбаевдин жаркын элеси элибиздин эсинде сакталат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Жалгап Казакбаев 1949-жылы Панфилов районунун Тельман айылында туулган.
1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги "Сетунь" заводунда цехтин башчысынын орун басары, мастер болуп иштөөдөн баштаган;
1974-1983-жылдары Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы "Оргтехника" заводунда цехтин башчысынын орун басары, цехтин башчысы, башкы технолог, башкы инженер;
1983-1987-жылдары Кара-Балта шаарынын "Бакыт" өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору;
1987-1992-жылдары Кара-Балта шаардык кеңешинин, Чүй облусунун кеңешинин төрагасынын орун басары;
1991-жылы Жогорку Кеңештин, легендарлуу парламенттин, 1995-жылы Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты;
1992-1995-жылдары Кара-Балта тоо-кен комбинатынын генералдык директорунун орун басары, генералдык директору;
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн социалдык жана экономикалык, тоо-кен өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргыз тарыхында калат.
SUPER.KG порталы Жалгап Казакбаевдин көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


артынан жаман суйлобойт го
Бирок элибиздин эсинде калат эмес, жеп жутарлардын эсинде калат десенер болмок, мен билбейт экем лично ушундай депутат болгонун
Алар действительно кыйын болгон...
Легендарлуу Парламенттен Мыктыбек Абдылдаев жана бир 2-3оо эле калды окшойт.