super.kg logo

Өлкөгө Орусиядан 1 жарым миңдей Кыргыз жараны кайтып келишет. Алар автобус менен жолго чыкканын элчиликтен билдиришти

 

Бүгүн, 5-июлда Орусиянын Оренбург жана Самара облустарынан жалпы 1 миң 496 Кыргыз жараны өлкөгө жөнөтүлдү. Аларды мекенге кайтарууга 31 автобус уюштурулганын Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Жүргүнчүлөрдүн арасында кичинекей балдары бар 21 эне, 27 улгайган мекендештер бар. Өлкөгө жиберилгендердин тизмесине Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы лагердеги чатырларда, Самара облусунун “Маштаково” көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында топтолгон жарандар кирди.

"Элчилик Орусия тарап менен биргеликте бардык жарандардын ПЦР-тестин акысыз өткөрүү маселесин чечти. Мекендештерибизди өлкөгө кайтаруу үчүн автобустардын ижара акысы республикалык ыкчам штаб тарабынан каржыланды.

Бүгүнкү күнгө карата Орусиядан 14 миң 344 мекендешибиз Кыргыз жергесине кайтты. 57 авиакаттамдар уюштурулган", - дешти мекемеден.

Элчилик Орусияда жүргөн кыргыздарга жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө кайрылууну сунуштайт.
Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а;
Байланыш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12;
Электрондук дарек: predmigration@mail.ru.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.07.2020. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат иштеп атышат бирок рассиядан барышып короновирус кобойуп кетти окшой
05.07.2020. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Рахмат,кеч болсо да!эми чет олкодогу мекендештер,сиздерден тизе бугуп суранаарым,оз алдынча жолго чыкпай турунуздар!Кыргызстанда да абал тынч эмес,катаал болуп турат!Сабыр кылып туралы!Иш таап иштеп кунумдук жашоону улантса болчудай эле иш орундар чыгып жатат.сураныч сабыр кылып туралы,туугандар!оз алдынча жолго чыксак алып кетет деген ойдон кайтыныздар!кетсениздер да кыйналып,границада жатат экенсиздер!сабырдуу,биримдиктуу болуп ищтеп туралы калганыбыз!баарыныздарга ден соолук каалайм!
06.07.2020. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызымдын деми дагы кеткенби, сот күтүп атса керек эле бара албай жатам дебеди беле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: