super.kg logo

Индиянын тургуну алтындан бет кап жасатты

 

Индиянын Махараштра штатынын жашоочусу Шанкар Кураде алтындан бет кап жасатты. Анын салмагы 56,7 грамм. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.

Маалыматта айтылгандай, ал күмүштөн жасалган бет кап тагынып жүргөн адамды көргөндөн кийин алтындан бет кап жасатууну чечкен. "Мен салмагы оор алтын шакек, чынжырча жана башка зер буюмдарды тагынганды жакшы көрөм. Мындан улам алтындан бет кап тагынууга эмнеге болбосун деп ойлодум. Жергиликтүү зергерге алтындан бет кап жасатууга буюртма бердим. Учурда менин бет кабыма кызыккандардын саны арбын болууда. Биздин үй-бүлөбүздүн алтын буюмдарга болгон кызыгуусу бул аймактын тургундарына жакшы маалым. Бирок алтын бет кап жаңы көрүнүш болду. Албетте, бир гана бет кап тагынуу вирустан сактап калбайт, мен санитардык талаптардын бардыгын аткарышым керек", - деген ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде. Алтын бет кап 3 миң 870 долларга жасалган жана дем алууга ылайыкташкан.

Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жалпысынан коронавирус инфекциясын 648 миң 315 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 394 миң 433 адам айыгып чыкса, 18 миң 655и каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
05.07.2020. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
2,5 кг масканы көтөрүп жүрөт экен да. Кошо алып кетчүдөй болуп. Аба өтпөй ал вируска чейин эле кете бербесе болду.
06.07.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Noon,Каерде жазылып турат 2.5кг.деп?56.7грамм экен.Экинчиден дем алууга ынгайлашыптыр.
05.07.2020. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эшекке алтын ээр токусаң да эшек бойдон кала берет дечү беле?))
06.07.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
56 кг масканы кулагың менен эмес, жонуң менен көтөрүшүң кыйын го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: