super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө 11 миллион 408 миң 981 адам коронавирус илдетине чалдыкты

 

Бүгүн, 6-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус илдети 11 миллион 408 миң 981 адамга жукту. Анын ичинен 6 миллион 161 миң 192 бейтап ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 533 миң 672 адам каза болду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда 2 миллион 879 миң 830 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 894 миң 325, каза болгондор - 129 миң 906.

Бразилия 1 миллион 603 миң 55 адам менен экинчи орунда турат. Анда 990 миң 731 бейтабы ооруну жеңсе, 64 миң 867 бейтабы кайтыш болду.

Орусияда 680 миң 283 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 446 миң 127, каза болгондор - 10 миң 145.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: