super.kg logo

Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева пневмониядан улам каза болду

 

Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты профессор, дарыгер Арсен Аскеров тастыктады.

"Заида Терекбаева көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар, мыкты адистердин бири эле. Мурда ага COVID-19 диагнозу коюлган. Вирустан улам оорлошуу жүрүп, ал пневмонияга алып келгендиктен көз жумган. Жумуш ордунда вирус эч кимди аябайт экен. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз" , - деди дарыгер.

Буга чейин Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов, ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор - дарыгери Жамал Тазабекова, Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын ардагер дарыгери Орозали Абдухалимов, Ноокат районунун Барын айылынын үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымы (аты-жөнү айтыла элек), Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын "Тез жардам" кызматынын фельдшери Валерий Гаук коронавирус жуктуруп алып каза болгону маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.07.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым ырайым кыл биз куноокер пенделериңе!!!
Жаллаң белгилүү адамдар каза болуптурда а өткөн сутка ичинде
ZUXRIDDIN20 түзөттү 2020-07-06 14:16:36
06.07.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ZUXRIDDIN20,жалан эле белгилуулор каза болуп жаткан жок .биз билбеген тааныбаган бплгисиз адамдар да каза болуп жатышат просто биз билбегендиктен белгилуулор эле козубузго корунуп кулагвбызга угулуп жатат
06.07.2020. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйманы саламат болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: