super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы элчи Кылычбек Султан элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыкты

 

Мурдагы элчи Кылычбек Султан элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 6-июлда "24.kg" сайтына маалымат жыйын берип жатып билдирди.

Кылычбек Султандын айтымында, Кубатбек Боронов баштаган министрлер кабинети өлкөдөгү коронавируска каршы күрөштү жеткиликтүү деңгээлде жүргүзө алган жок. Аткаминерлер бир канча айды профилактикага короткону менен жыйынтыгында адамдар илдеттен каза болуп жатканын билдирди.

"Адам өмүрүнүн баасы жок. Бийликте жетиштүү убакыт бар эле. Азыркы тапта элде бийликке карата ишеним жок болуп турат. Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, анда элдин ишенимине негизделген өкмөттү шайлашы керек, андан ары парламент өзүн таратууга барышы керек болот. Ал эми өкмөт башчылыкка соңку президенттик шайлоодо көп добуш алган Адахан Мадумаров же Өмүрбек Бабанов келе алат.

6 аптанын ичинде абалды жөнгө салып кетсе болот. Эки аптага катаал карантин киргизүү керек. Кийин абалга жараша акырындык менен киргизилген чектөөлөрдү алууга болот
", - дейт Кылычбек Султан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: