super.kg logo

Жээнбеков акыркы күндөрү жарандарга алгачкы медициналык жардамдын жоктугунан улам дүрбөлөңгө жол берилгендиги үчүн өкмөттү сындады

 
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү мындан аркы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады. Жыйын видеоконференция форматында өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин кийинки абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугунан улам сынга алды. Президент калктын керектөөсүн так аныктоо үчүн бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын бегиледи.
Акыркы күндөрү жарандарга алгачкы медициналык жардамдын, профилактикалык иш-чаралардын жоктугунан улам калк арасында дүрбөлөңгө жол берилгендиги үчүн өкмөттү сындады.
«Силер кадрлардын резервин толуктоо боюнча алдын ала иш алып барган жоксуңар жана кризис башталгандан кийин гана адистерди мобилизациялай баштадыңар», - деди мамлекет башчысы.
«Чын дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штабга, мага айтып, зарыл болсо коңгуроо кагып, маселелердин ыкчам чечилишин талап кылууга милдеттүүсүз», - деп белгиледи президент.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: