Бишкек-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду
Бишкек-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 6-июлда саат 06:30да Бишкек-Токмок жолунун 25-чакырымында катталган.
Анда Жигули менен Мерседес-Бенц унаасы кагылышкан.
"Чыгыштан батышка бара жаткан Жигули унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып, кичи автобусту сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден каза болгон. Ал эми кичи автобустун айдоочусу жана дагы 3 киши ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.