super.kg logo

"Газпром Кыргызстандын" мобилдик тиркемеси: бир баскыч менен газдын көрсөткүчүн жиберүү жана төлөө

 

Android жана iOS платформалары үчүн ылайыкталган жаңы, көп функционалдуу бекер мобилдик тиркемесинин жардамы менен газ эсептегичтин көрсөткүчүн жөнөтүңүз, атайын кызматтарга табыштама калтырыңыз, газга болгон төлөмдү жүргүзүңүз жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын бардык жаңылыктары менен кабардар болуп туруңуз.

Атайын мобилдик түзүлүштөр үчүн иштелип чыккан интуитивдик интерфейс кардарларга тиркеменин кеңири функционалдары менен ыңгайлуу колдонууга шарт түзүп берет:

• Өздүк эсепти мобилдик тиркемеге байлоо жана компаниянын бардык жаңылыктары тууралуу маалыматты оперативдүү алып туруу;

• Газ эсептегичтердин көрсөткүчүн дароо жөнөтүү;

• Жаратылыш газы үчүн төлөмдү Элкарттын же Visa банк карталарынын жардамы менен төлөө;

• Кызматтарга табыштаманы онлайн каттоо, тиричилик газ эсептегичти орнотуу жана чечүү иштерине буюртма берүү;

• Картадан компаниянын КТБларынын так дарегин кароо;

• Бардык суроолорго колл-борбордун операторунан жоопторду алуу.

"Жаңы мобилдик тиркеме "Газпром Кыргызстан" компаниясынын жана кардарлардын карым-катнаш процессин тездетет жана жеңилдетет. Компаниянын кызматтарына мобилдик түзүлүштөрдүн жардамы менен тез кирүү мүмкүнчүлүгү азыркы тапта өтө актуалдуу. Кошумча кызматтарга табыштама калтыруу же төлөм өткөрүү үчүн компаниянын кеңсесине келүүнүн кажети жок", - деп билдиришти "Газпром Кыргызстан" компаниясынын өкүлдөрү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: