"Бир мезгилде 2 адамга операция жасоого болот". Бишкектеги "Семетей" пунктунда талаа госпиталы орнотулду (фото)











Мурдагы "Ганси" авиабазасында жайгашкан "Семетей" пунктунда кошумча талаа госпиталы орнотулду. Бул тууралуу маалыматты ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, талаа госпиталы 10 дарыгердин жана көмөкчүлөрдүн иштешине эсептелгени айтылат.
"Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана материалдык баалуулуктарды сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот. Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн.
Ыкчам талаа госпиталы 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат. Медициналык каражаттарды тиешелүү мамлекеттик орган камсыздайт. Талаа госпиталын орнотуу иштери министр Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө ишке ашырылды. Иш-чарага жалпысынан министрликтин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 30 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.



1 |