super.kg logo

"Ухан вирусу": Коронавирус боюнча дүйнөлүк статистикада Индия Орусияны артка калтырып, үчүнчү орунга чыкты

 

Бүгүн, 7-июлга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдети 11 миллион 589 миң 382 адамга жукту. Анын ичинен 6 миллион 274 миң 971 бейтап ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 537 миң 419 адам каза болду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 934 миң 499 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 924 миң 148, каза болгондор - 129 миң 906.

Экинчи орунда Бразилия турат. Анда вирус 1 миллион 623 миң 284 адамга жукту. 154 миң 591 бейтабы ооруну жеңсе, 65 миң 487 бейтабы кайтыш болду.

Ал эми Индия Орусияны артка калтырып, үчүнчү орунга чыкты. Анда 697 миң 413 адам вируска кабылган. Тилекке каршы, 19 миң 693 бейтап көз жумса, 424 миң 433 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: