super.kg logo

Бишкекте 3 кыз карактоого шектелип кармалды. Алар 16 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, үйүн тоношкон

 

Бишкектеги Келечек жаңы конушундагы үйдү тоногонго шектелип, 3 кыз кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 6-июлга караган түнү саат 03:30 чамасында болгон. Анда аталган конушта бир үйдү тоноп кетти деген чакыруу келип түшкөн. Айтылган дарекке патрулдук милициянын кызматкерлери барганда үйдө жашаган Б.В. аттуу өспүрүм кызды 3 кыз карактап кеткенин айтышкан.

"Шектүү кыздар үйдүн эшигин сындырып кирип, 16 жаштагы өспүрүм кызды бычак менен коркутуп, баасы 10 миң сом турган телефонун, паспортун жана косметикаларын алып кетишкен. Көп өтпөй эле инспекторлор кылмышка шектүү катары 16, 18 жана 20 жаштагы кыздарды кармашкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "карактоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды",
- деп билдиришет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2020. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка сайттан кече окуудумле суроту менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: