super.kg logo

Жайыл районунун аймагында жугуштуу илдетти алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

 

Жайыл районунун аймагында жугуштуу илдетти алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өлкөбүздө, анын ичинде Чүй облусунда да ички иштер органдары тарабынан түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери жер-жерлерде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Чүй облусунун бардык райондорунда алдын алуу иштери күн сайын улантылууда. Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жашоочуларга, коомдук жайларда тазалык эрежелерин сактоо жана жеке гигиеналарга көңүл буруу зарыл экендигин эскертишүүдө.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен базарларда, соода-сатык түйүндөрдө, коомдук тамактануучу жайларда жана башка техникалык тейлөө жайларында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын так аткаруу зарылдыгын айтышууда. Коомдук жайларда талаптарга кайдыгер мамиле жасаган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен жасаган мамилеси илдетти алдын алууга чоң салым болору эскертилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: