Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады



Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Ленин көчөсүндө ВАЗ-2107 жана Мерседес-Спринтер унааларынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы эркек киши каза болуп, 3 адам жабыркады. Азыркы учурда аты-жөндөрү такталууда.
Окуя болгон жерге өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркагандар медицина кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.