Коңшу Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 49 миң 683кө жетти
Коңшу Казакстанда коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны 49 миң 683кө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка караганда, Казакстанда сутка ичинде 1 миң 109 адамдан вирус аныкталган. Муну менен жалпы 49 миң 683 адам вируска кабылган. Алардын ичинен 15 миң 860 адам оорудан сакайган. Тилекке каршы 264 бейтап оорудан көз жумду.
Вирус жаңы аныкталгандар Алма-Ата, Батыш Казакстан жана Атырау областарында көп катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.