super.kg logo

Бишкекке Екатеринбургдан Кыргыз жарандары кайтып келди

 

Бишкекке Екатеринбургдан Кыргыз жарандары кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Бүгүн, 7-июлда "Манас" эл аралык аэропортунда "Урал авиа каттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек каттамы менен чартердик рейсин тосуп алышты. Мекенине Орусиядан 218 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдукка жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлүп, каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери бар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар келген. Мындан сырткары Урал федералдык округундагы жогорку окуу жайларынын студенттери жана COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардамга келе жаткан дарыгерлер, медайымдар мекенине кайтып келди.

Андан тышкары бул каттам менен башкы консулдуктун жарандык активисттери жана кызматкерлери тарабынан гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 4 миң 300 долларын түзгөн кычкылтек концентраторлорун, глюкометрлер, пульсикометрлер жана жеке коргонуу каражаттары жиберилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: