super.kg logo

Өкмөт башчы айылдарды зарыл дары-дармек менен камсыздоо тапшырмасын берди

 

Фельдшердик-акушердик пункттар бардык зарыл дары-дармек каражаттары жана COVID-19га чалдыккандарды дарылоодо баштапкы жардам көрсөтүү үчүн методикалык куралдар менен камсыздалышы керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов бергенин республикалык штабдан кабарлашты.

"Дээрлик бардык айылдарда фельдшердик-акушердик пункттар бар. Алардын көпчүлүгүндө дары-дармек каражаттары жетишсиз. Өлкөдөгү болуп жаткан эпидемиологиялык абалга байланыштуу аталган бардык пункттарды COVID-19 илдети алгач дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттары менен камсыздоо керек", - деп белгиледи өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, фельдшердик-акушердик пункттар бардык аймактар боюнча оорунун жайылышынын алдын алууда чоң роль ойнойт.

"Жергиликтүү тургундар адистердин кеңешин же жардамын кайдан аларын билиши керек. Ар бир жаран оорунун алгачкы белгилери пайда болсо, жергиликтүү фельдшердик пунктка кайрылышы зарыл. Ал жерде квалификациялуу медициналык көмөк көрсөтүлөт. Организмдин абалынын начарлашына жол бербөө кажет. Оорусу күчөп кеткен бейтаптарды тез арада райондук же облустук ооруканага жөнөтүү зарыл", - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Фельдшердик-акушердик пункттарда дары каражаттары жетишсиз болгон шартта жер-жерлердеги жетекчилер Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине токтоосуз түрдө кайрылууга же мыйзам чегинде өз алдынча дары-дармектерди сатып алууну уюштурууга тийиш деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: