super.kg logo

Билим берүү уюмдарында обсервация үчүн 7 миңге жакын орун даярдалды

 

Кыргыз өлкөсүндө билим берүү уюмдарында обсервация үчүн 7 миңге жакын орун даярдалды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу министрликтин тапшырмасы менен жогорку, орто жана жалпы билим берүү уюмдарында обсервация үчүн 6 миң 800 орун даярдалган. Бүгүнкү күнгө чейин мында 5 миңден ашык адам медицина кызматкерлердин көзөмөлүндө болуп, үйлөрүнө чыгарылды.

Алардын ичинде 30 кесиптик лицейде 1 миң 700 кишини кабыл ала турган жатаканалар обсервация үчүн берилди. Мында 1 миң 365 адам жатып, үйүнө чыгарылды. Ушул тапта 218 бейтап дарыланууда. 11 жогорку окуу жайдын жатаканасында уюштурулган 2 миң 356 орундуу обсервация буга чейин 3 миң 200дөн ашык адамды кабыл алды.

42 мектепте 2 миң 659 орун даярдалып, 313 адам обсервацияга жатып чыкты. Ушул тапта Бишкектеги №2 мектеп, №1 мектеп-интернаты, көзү азиздердин мектеп-интернатында пневмонияга кабылгандар үчүн 270 орундуу оорукана иштеп жатат. Ошондой эле бир катар медициналык университеттердин клиникалары COVID-19 вирусу менен ооругандарды кабыл алууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: