"Маркумду жерге тез берүү керек болгон учурда кабырды экскаватор менен казса болобу?". Экс-муфтий Чубак Жалиловдун жообу
"Маркумду жерге тез берүү керек болгондо, кол менен казуу кыйынчылык болгон учурда кабырды экскаватор менен казса болобу?". Бул суроого карата экс-муфтий Чубак Жалиловдун жообу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Албетте, болот. Казуу кандай гана жолдо болбосун кабыр казылган болсо эле эсеп. Ошондуктан убакыт тартыш болгон күндөрү деле, тартыш эмес күндөрү деле экскаватор же болбосо ошол сыяктуу атайын техникаларды колдонууга шарият уруксат берет.
Кыргыздын салтында кабырды казганда өтө чоң казып көнүп алышкан. Ушундай учурларда жайды кичирейтүү керек. Маркум бата турган деңгээлде гана чакан кылып, сырткы казанактан сөөктү ичине киргизип туруп, үстүнөн кыш менен тизип жаап коё турган болсо ошол дагы жетиштүү", - деп жазылган жоопто.
Соңку күндөр ичинде өлкөдө коронавирустан жана пневмония илдетинен каза болгондордун саны көп болууда. COVID-19дан акыркы сутка ичинде 7, жалпы 99. Ал эми пневмониядан акыркы сутка ичинде 29, жалпы 224 адам каза болду.

Негизги тема-ГӨР (адамдын түбөлүк тургы) маселесине келсек. ГӨР, эки бөлүктөн турат айванчасы (кире бериши) анан казанак. Эркек адамдардын айванчасы киндик тушка чейин казылат. Аял адамдардыкы көкүрөк (эмчек) тушка чейин казылат.
"Ушундай учурларда жайды кичирейтүү керек. Маркум бата турган деңгээлде гана чакан кылып, сырткы казанактан сөөктү ичине киргизип туруп, үстүнөн кыш менен тизип жаап коё турган болсо ошол дагы жетиштүү", - деп жазылган жоопто.