super.kg logo

"Айлык акы 70 миң сомго чейин төлөнөт". Өкмөт башчы медицина кызматкерлерин жумушка чакырды

 

Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди келишимдик негизде жумушка тартуу иши башталды. Айлык акы 70 миң сомго чейин төлөнөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.

"Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы ооруга чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Эмгек акы боюнча кабатыр болбоңуздар. Сиздер айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыз болосуздар. Бул бардык медицина кызматкерлерине тийиштүү. Аларга айлык акы категорияларына жараша 70 000 сомго чейин төлөнүп берилери каралган", - деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ал медицина кызматкерлеринин айлык акысы өз убагында жана кечиктирбестен төлөнөрүн белгиледи. "Учурдан пайдаланып, азыркы тапта иштебей отурган дарыгерлерди, медайымдарды жана бардык медицина кызматкерлерине кайрылам. Азыр бизге пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционист дарыгерлер өтө керек. Өз ыктыяры менен каалоочулар болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнө бүгүнкү күндөн тартып кайрылууга болот", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.07.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл номерлерге байланышса болот билгендер айтып коюнуздарчы
07.07.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мед кызматкерлердин кадыры Эми билиндиго.
07.07.2020. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйратасынар 70 мин эмес 20 мин нормально айлык бергилечи.
08.07.2020. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи айткан сумманарды толук бергилечи. Элге калпты айта бербей. Же нормальный шарт жок же тамактары жакшы эмес. Ар бир иштеген мед кызматкерлердин акчасына 10мин, 15 мин кем бертп атасынар.
08.07.2020. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздер билип бериниздер кайсы номер же сассылка аркылуу катталууну. Бая күнү бир номер жүрөт чалсаң өчүк.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: