Кытайда автобус суу сактагычка кулап 21 адам каза болду
Бүгүн, 7-июлда Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын Аньшунь шаарында мектеп автобусунун айдоочусу рулду башкара албай тосмону сүзүп, суу сактагычка кулап түшкөн. Анын кесепетинен 21 адам каза болгондугун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, азырынча кырсыктын себептери жана автобустагы адамдардын так саны жөнүндө маалымат жок. Азыркы учурда куткаруучулар суу сактагычтан автобусту алып чыгышты. Издөө-куткаруу иштери уланууда. Ага катар эле тергөө дагы жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.