super.kg logo

Эфиопияда популярдуу ырчынын өлүмүнөн кийин массалык баш аламандык орун алып, 166 адам каза болду

 

Эфиопиядагы популярдуу музыкант жана саясий ишмер Хачалу Хундессанын өлүмүнөн кийин нааразычылык акциясы орун алып, андан кеминде 166 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Эфиопиянын Оромия штатында 145 жаран жана 11 коопсуздук кызматкери нааразычылык акциясынан улам каза болгон. Мындан тышкары дагы он адам, алардын ичинде эки полиция кызматкери өлкөнүн борбору Аддис-Абебада каза болгон. Нааразычылык акциясынан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн, анткени ооруканаларда жабыркагандар көп.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери борбор шаар Аддис-Абебада тартипти калыбына келтирүүгө жетишти, бирок өлкөнүн ар кайсы шаарларында кырдаал курч бойдон калууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, 200дөн 2 миңге чейин адам кармалган.

34 жаштагы ырчы Хачалу Хундесса 29-июнда кечинде Аддис-Абебада атып өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектелип эки адам камакка алынган. Ырчыны колдогондор аны коопсуздук күчтөрү өлтүрдү деп айыпташты жана кылмышка саясий жүйө келтирип жатышат. Буга чейин ал бир нече жолу коркутуп-үркүтүүгө кабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: