super.kg logo

"Ухан вирусу": Бразилияда 1 миллиондон ашуун адам коронавирустан сакайды

 

Бүгүн, 8-июлга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдети менен жабыркагандардын саны 11 миллион 797 миң 213кө жетти. Анын ичинен 6 миллион 415 миң 379 бейтап ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 543 миң 595 адам каза болду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 994 миң 223 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 936 миң 476, каза болгондор - 131 миң 599.

Экинчи орунда Бразилия турат. Анда вирус 1 миллион 668 миң 589 адамга жукту. 1 миллион 99 миң 281 бейтабы ооруну жеңсе, 66 миң 741 бейтабы кайтыш болду.

Ал эми Индияда 719 миң 664 адам вируска кабылган. Тилекке каршы, 20 миң 159 бейтап көз жумса, 439 миң 934 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: