Ысык-Көлдө аңчы бүркүттөр менен тайгандардын көргөзмөсү болду
Көргөзмөгө катышкан аңчы бүркүттөр


Көргөзмөгө катышкан аңчы бүркүттөр

Көргөзмөгө катышкан аңчы бүркүттөр

Кыргыздын аңчылыкта колдонгон тайгандары

Көргөзмөгө катышкан аңчы бүркүттөр

Кыргыздын аңчылыкта колдонгон тайгандары

Кыргыздын аңчылыкта колдонгон тайгандары


Көргөзмөгө катышкан аңчы бүркүттөр

Көргөзмөгө катышкан аңчы бүркүттөр
Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо”
маданий борборунда 10-сентябрь күнү аңчы канаттуулар менен тайган иттердин
көргөзмөсү болду. Аталган иш-чара “Салбуурун” федерациясы тарабынан уюштурулду.
Көргөзмөнүн алкагында жыйын болуп, ага Эл аралык бүркүт менен аңчылык кылуу, жапайы канаттууларды сактап калуу ассоциациясынын өкүлү Гари Тимбрелла жана
Катар, Грузия, Түркия өлкөлөрүнөн келген коноктор катышты. “Салбуурун”
федерациясынын президенти Алмазбек Акунов: “Иш-чаранын максаты - бүркүт менен
аңчылык кылууну жайылтуу. Салбуурун – бул бир гана аңчылык эмес, бул биздин маданий
мурастарыбыздын бири”,- деди. Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, бүгүн, 11-сентябрда Чолпон-Ата шаарынын ат
майданында бир нече улуттук оюндар менен катар “Салбуурун” фестивалы болот.
Автор: Айбала Эргешов
Фото: Дене тарбия жана спорт агенттиги
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.