super.kg logo

Бишкек шаарында 15 жаштагы кызын сабап, өлтүргөнгө шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди

 

Бишкек шаарында 15 жаштагы кызын сабап, өлтүргөнгө шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 8-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен табылган.

"Ыкчам иликтөө тобу барып, кыздын жансыз денесин өзү жашаган бөлмөдөн табышкан. Денеге бир нече жаракат келтирилген. Шектелип жаткан кыздын атасы 1971-жылы туулган Б.С. аттуу жаран. Учурда керек болгон бардык экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

6-июль күнү болжол менен саат 09:02 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына шаардагы кичи райондордун биринде атасы кызын сабап, анын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнү кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: