super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кытай менен бирге жаңы долбоорлорду иштеп чыгуудабыз"

 

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстан менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда бир катар документтерге кол коюу болгон соң, президент Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөр жемиштүү өткөндүгүн белгиледи. Айтымында, эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана аны андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланган. “Эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүккө чейин көтөрүү тууралуу сүйлөштүк. Соода-экономикалык маселелер көтөрүлүп, Кытайдан инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ал эми Улуу Жибек Жолунда эркин экономикалык зона куруу тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сунушун колдойм”,- деди Атамбаев. Ошондой эле өлкө башчы Кытайдын төрагасы менен биргеликте бир катар жаңы долбоорлор талкууланганын билдирди. “Аларды келечекте ишке ашырабыз. Кытайдын төрагасынын мамлекеттик сапары 2 мамлекеттин кызматташтыгынын деңгээлин көтөрөт. Кесиптешимдин мени Кытайга чакыруусун абдан жакшы кабыл алдым. Сүйлөшүүлөр жемиштүү болду”,- деди мамлекет башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: