super.kg logo

"Илдетке кабылган адамдар менен түз байланышта болобуз". Модель Бегимай Карыбекова коронавируска каршы күрөшүүчү топтун катарына кошулду

 

"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова коронавирус инфекциясы менен күрөшүү тобуна ыктыярчы катары кошулду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, каалоочуларды чакырды.

Айтымында, модель "Бирге" ыктыярчылар ассоциациясынын катарына кошулуп, түзүлгөн топ 2-июлдан тартып иштей баштады. Ал ыктыярчылар менен биргеликте пандемия шартында ооруканаларда, стационарларда иштеп жаткан медкызматкерлерге керектүү каражат, тамак-аш жана башка ар тараптуу жардам көрсөтүүдө.

"Биз дарыгерлерге жардам беребиз, Covid-19 илдетине кабылган адамдар менен түз байланышта болобуз. Биздин топто 170 адам болсо анын ичинен 30у жигердүү иштеп жатат. Чын дилден жардам бере алам деген жарандарды катарыбызга кошулууга чакырабыз", - деген ал.

Бегимай Карыбекова италиялык "Еmpоriо Аrmаni" компаниясынын модели, кийинчерээк Германиядагы ири "Louisa Models" аттуу моделдик агенттик менен иштешип баштаганы маалым.






Коронавирус менен күрөшүү үчүн ыктыярчылардын катарына модель Бегимай Карыбекова да кошулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.07.2020. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Татынакай экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: