super.kg logo

Быйыл жогорку окуу жайларына жана кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт (түшүндүрмө)

 

2020-2021-окуу жылына жогорку окуу жайларына жана кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системи билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, онлайн системдин негизги максаты – пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү.

Аны менен бирге абитуриенттерге жогорку окуу жайларына кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышууга мүмкүнчүлүк түзүп, кабыл алуу комиссияларынын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин минималдаштыруу болуп эсептелет.

Абитуриенттин иш-аракеттеринин алгоритми:

Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоо процедурасынан өтүүсү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет. Эскертүү, телефон номурун туура, так көрсөтүү зарыл.

ЖОЖду тандоо. Системде көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.

Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.

Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: