super.kg logo

Өлкөдө эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлери ишке чакырылат

 

Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин ишке чакыруу керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

"Ар бирибизге эмгек өргүү керек. Бирок эпидемиологиялык абал бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Ооруп калган жарандарга ушул жерде жардам берүү кажет. Биринчи кезекте, бейтаптар медицина кызматкерлеринин көмөгүнө муктаж. Алар бүгүн өлкөгө абадай зарыл болуп турат. Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш.

Дарыгерлер силердин өтүнүчүңөрдү туура түшүнүп, жакында ишке чыгышат деп ишенем. Учурда оорунун күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келди. Медкызматкерлер адам өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү оор шарттарда иштеп жатышат. Илдет менен күрөшүүгө аймактардан дарыгерлер келишти, өлкө аймагынан тышкары жашаган медицина кызматкерлерибиз дагы четте калышкан жок. Бирок аймактарда дагы квалификациялык медициналык жардамга муктаж жашоочуларыбыз бар. Ошондуктан Бишкекте жашаган саламаттыкты сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат", - дейт өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов республика боюнча иштеген медицина кызматкерлерин талдап чыгып, ар бир медкызматкерди COVID-19га каршы күрөшүүгө чакырууну тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө медкызматкерлердин бир бөлүгү эмгек өргүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.07.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карантин кылгылада даагы деле эл ишенбей самсып журот кундон кунго жугузуп эмне учун кулагы жоктор учун медиктер оз жанын тобекелге салыш керек жат бир нерсе десе эле ким багат уйдо жатсак дейт 1 айлык запас баардык адам чамасы жетет жасап алышка баарына туура тирилик керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: