super.kg logo

Белграддагы түнкү кагылышуу. Тургундар өлкөгө кайра киргизилип жаткан коменданттык саатка каршы нааразычылык акциясына чыгышты

 

Белград шаарынын жашоочулары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Анда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу чектөө кайра киргизилерин уккандан кийин миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда радикалдуу маанайдагы демонстранттар Сербия парламентинин залына кирип, полициянын унааларын жана таштандыларды өрттөп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин таш бараңга алышкан.

Ок атышуудан 43 милиция кызматкери жаракат алып, 17 демонстрант жана 23 адам кармалган. Бир күн мурун Сербияда коронавирустан каза болгондордун саны жогорку көрсөткүчтө болгон. Мындан улам Сербиянын президенти бул көрүнүштү өтө оор кырдаал деп атаган.

"Учурда аталган шаарда 5тен ашык адамдын чогулушуна тыюу салынат. Ошондой эле жума күндөн дүйшөмбүгө чейин коменданттык саат күчүнө кирет", - деп билдирген мамлекет башчы.

Ал эми Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич баш калаадагы түнкү тополоңду кескин айыптаган.

Өлкөгө март айында киргизилген карантин июнь айында жокко чыгарылган.

"Биз нааразыбыз, анткени биздин өлкө башчы парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн өзгөчө кырдаалды жокко чыгарууну чечкен. Эми кайра элди карантинге киргизип жатат. Биз буга каршыбыз", - деген Белград шаарынын тургундары.

Июнь айынын аягындагы президент жетектеген Сербиянын "Прогрессивдүү" партиясы шайлоодо жеңишке жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: