ЖАМКнын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө

Бүгүн, 8-июлда видео конференция түрүндө онлайн сот отуруму болуп өттү. Сот отуруму Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту менен №1 тергөө изоляторунда саат 10:00дөн баштап 14:00гө чейин өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Маалыматка ылайык, СИЗО-1де онлайн соттук отурумдарды өткөрүү үчүн толугу менен жабдылган жана бардык талаптарга жооп берген атайын 4 бөлмө даярдалган. Кыргыз өлкөсүндө 2020-жыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланган. Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө ЖАМК санариптештирүүгө толук даяр жана бардык ЖАМКнын мекемелеринде онлайн сот отурумдарын өткөрүүгө даяр", - деп жазылган билдирүүдө.
Мындан тышкары 2019-жылдын август айында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен ЖАМКнын талдоо жана мониторинг борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өткөн. Бүгүнкү күндө ушул борбордун жардамы менен ЖАМКнын бардык мекемелери күнү-түнү онлайн режиминде көзөмөлдө турат. Ошондой эле семинарлар, атайын комиссиянын отурумдары, кызматкерлер үчүн окуулар жана тренингдер, соттук отурумдар видео конференция түрүндө өткөрүлүп жатат.

