super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Кыргызстан - Кытай өлкөлөрү 3 миллиард долларлык келишимге кол койду"

 

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 3 миллиард долларга барабар келишимге кол коюлганын экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, грант түрүндө Кытай Кыргызстанга 200 миллион юань бермекчи. “Берилген каражаттардын көбү жаңы канал курууга, жаңы сугат жерлерди түзүүгө жумшалат. Кол коюлган документтердин эң чоңу - түндүк-түштүк альтернативдүү жолу. Буга Кытай 400 миллион доллар берип жатат. Бишкек ЖЭБин оңдоого 386 миллион доллар, ошондой эле өлкөлөр аралык газ түтүгүн курууга 1,4 миллион доллар бөлүүдө. Медицина тармагына жана ШКУнун саммитин өткөрүү үчүн берилген жардамдар да бар”,- деди Сариев. Ошондой эле Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүү заводду кеңейтүү боюнча алдыга ири долбоорго кол коюлгандыгын белгиледи. “Ал үчүн 400 миллион долларга жакын инвестиция бөлүп берүүдө. Кытай төрагасынын мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында  Кыргызстанга 3 миллиард доллардан ашуун инвестиция келүүдө”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: