super.kg logo

Кулактандыруу! Бишкектеги күндүзгү стационарлардын даректерин 2ГИС тиркемесинен тапсаңыз болот

 

Эгерде сиздерде курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын белгилери бар болсо, Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарларга саат 08:00дөн 20:00гө чейин кайрылсаңыздар болот. Бишкек шаардык мэриясы стационарлардын даректерин онлайн картага киргизди. Эми медициналык жайлардын даректерин жана мекеменин байланыш номурларын 2ГИС тиркемеси аркылуу таба аласыздар.

Бүгүнкү күнү борбор калаада 9 күндүзгү стационар төмөнкү даректер боюнча иш жүргүзүп жатат:

Ленин районунда:
- "Газпром" спорт комплекси, Токонбаев-Чортеков көчөлөрүнүн кесилиши – 120 орун;
- № 68 мектеп-гимназиясында – 30 орун (Токтогул менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилиши);
- "Арал" кафесинде – 50 орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:
- Раатбек Санатбаев атындагы комплекси, Чыгыш-5 кичи районунда – 150 орун;
- № 94 орто мектепте – 50 орун (Дордой конушунда).

Октябрь районунда:
- "Бишкекпекарня" муниципалдык ишканасында, 12-кичи райондо, чиркөөнүн жанында – 200 орун;
- "Сейтек" мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 Ала-Тоо университети).

Биринчи Май районунда:
- № 83 орто мектепте, "Кудайберген" базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү 9)
- Кожомкул Каба уулу атындагы спорт сарайда – 150 орун.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: