super.kg logo

Жаратылыш койнунда эс алууга тыюу салынат... Баткен облустук штабы бир катар чектөөлөрдү кабыл алды

 

Баткен облусунун аймагына 10-июлдан тартып бир катар чектөөлөр киргизилет. Маалыматты республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Облустук штаб жыйын өткөрүп, анда аймактагы акыркы кырдаал талкууланып, коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Ага ылайык:

* 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;

* Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;

* Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш жабдыктарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалардын жүргүнчү алуусуна тыюу салынат;

* Жаратылыш койнунда эс алууга тыюу салынат;

* Той, мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;

* Дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын жогорулаткан жарандарга катуу чаралар көрүлөт;

* Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга баруучу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыгарылат;

* Облустун аймагындагы мал базарлар аптасына бир күн гана иштөөгө уруксат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: