super.kg logo
  Спорт  

"Ага эми эмне болорун билбейм". Мушкер Дэниел Корьме Хабиб Нурмагомедов тууралуу оюн айтты

 

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, америкалык 41 жаштагы мушкер Дэниел Корьме орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасынын каза болушу ага катуу сокку болгонун, эми анын беттештерге катышуусу оор болорун ESPN басылмасына билдирген.

"Абдулманап Нурмагомедовдун каза болгону абдан өкүнүчтүү. Мен Хабиб менен 1-июль күнү сүйлөшкөм (Хабибдин атасы 3-июлда көз жумган). Биз бардыгы жөнүндө сүйлөштүк. Ал атасынын ооруганын катуу тийип жатканын айтты. Мындай шартта беттештерге катышуу өтө кыйын. Ошондуктан азыр эмне болорун билбейм. Хабибдин атасы анын жашоосунда чоң орунду ээлечү. Хабиб анын көзү өткөндөн кийин эмне кыла аларын айта албайм. Ошондон бери аны менен байланышкан жокмун. Жөн гана билдирүү жаздым. Ага азыр абдан кыйын болуп турат", - деген Корьме.

Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда Москва шаарындагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.07.2020. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул дүйнөдөн баарыбыз өтөбүз эч ким калбайт, Хабибти дагы убакыт дарылайт! Чыныгы мусулман адам өткөндүн артынан кайгырбайт бир гана дуа кылат, Хабиб мусулманчылыкты катуу кармайтко!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: