"Мөңгүгө кирип кетип каза болгон". Жалал-Абаддагы жайлоодо атасына насвай алып келем деп кетип дайынсыз болуп жаткан баланын жансыз денеси табылды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жайлоодон атасына насвай алып келгени эшегин минип чыгып кеткен 14 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 24-июнунда Ноокен районуна караштуу Тоскоол-Ата токой чарбасына караган Беш-Теке жайлоосунда 14 жашар бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат Ноокен РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, өспүрүмдү табуу максатында, башка милиция бөлүмдөрүнө багыттамалар берилген.
Бул учурдан тартып райондук администрация, ӨКМ, милиция кызматкерлери, айылдаштары, туугандары тарабынан тынымсыз ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, жайлоо жашоочуларына маалыматтар берилген. Анын алкагында өспүрүмдүн жансыз денеси бүгүн, 8-июлда жайлоодогу чабандар тарабынан табылып, милицияга билдирүү келип түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 14 жашар бала жолдо бара жаткан учурда катуу жаан жаап, коюу туман болгондуктан, жолдон адашып, мөңгүгө кирип кетип каза болгон. Баланын денеси жакындарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти мекемеден.
Буга чейин SUPER.KG порталына 14 жаштагы Нуртилек Нышанбев жайлоодон эшегин минип, итин ээрчитип кеткен боюнча жок болуп жатканын жакындары айтышкан.















1 |