super.kg logo

Кара-Сууда тургундун үйүнө терезеден кирип, жолтандабас унаасын айдай качкан шектүү кармалды

 

4-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу РИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан автоунаа каражатын айдай качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"3-июль күнү Кара-Суу районунун Фуркат айылынын тургуну 1970-жылы туулган Б.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 20:30 чамасында белгисиз жаран Фуркат айылынын жашоочусунун үйүнө терезе аркылуу кирип, терезеде турган ачкычты алып, гаражда турган күмүш түстөгү Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаасын эч кимге билдирбестен, жашыруун түрдө айдап чыгып кеткени жазылган".

Бул окуя Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүш иши башталган.

"Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында унааны айдай качканга шектелип, Отуз-Адыр айылынын тургуну 1998-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалды. Ал жеӊил акча табуу максатында ушундай ишке баргандыгын билдирген. Кылмышка шектүү азыркы учурда Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалы жүргүзүлүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: