super.kg logo

Дүйнөдө ВИЧ дартынан үчүнчү адам сакайды

 

Дүйнө жүзүндө ВИЧ дартынан үчүнчү адам сакайды. Бул медицина тармагындагы жетишкендик тууралуу илимий "Science" басылмасы жазып чыкты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, аталган дарттан айыккан жаран Бразилиянын Сан-Паулу шаарынын жашоочусу болгон. Ал 37 жаштагы эркек киши. Аны антиретровирустук препараттар жана никотинамид (ВЗ) витамини менен дарылаган, бул вирус жуккан клеткаларды тымызын ойготууга түрткү берет. Бейтапка терапия курсу 2019-жылы март айында жасалган. Мында ВИЧтин бөлүкчөлөрүн нөлгө чейин кыскарган. Натыйжада дарылоо курсу аяктаган соң бейтаптын канында вирус байкалган эмес.

Окумуштуулар ВИЧтин жоктугун ырастоо үчүн дагы лимфа бездерин жана ичтеги ткандарга кошумча изилдөө жүргүзүшөт. Ошону менен катар илимпоздор бейтаптын толук айыгып кеткенине так ынанымдуу эмес экендиги маалыматта айтылат.

Бейтапка ВИЧ диагнозу 2012-жылы коюлган.

Буга чейин 2020-жылдын март айында ВИЧ дартынан экинчи адам сакайгандыгы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.07.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: