super.kg logo

"Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом эмгек өргүү акысын алды деген маалымат чындыкка дал келбейт" дейт парламенттин маалымат кызматы

 

Жакындан бери социалдык тармактарда өлкө үчүн оор мезгилде депутаттар 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген маалыматтар тарап баштады. Ансыз да араң турган элдин арасында бул жаңылык бир топ чуу жаратты.

Бул боюнча парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу маалыматты төгүнгө чыгарып, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген айрым такталбаган маалыматтар коомчулугубузду кабатыр кылды. Бул маселе боюнча Төрага Дастанбек Жумабеков менен бир аз мурда сүйлөшүп, төмөнкүлөрдү тактадык.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек акылары толук бойдон эмгек кодексинде жазылган нормаларга ылайык чегерилет. Төраганын бир айлык эмгек акысы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, депутаттардыкы 25 миң 500 сом. Эмгек кодекси боюнча эмгек өргүү акысы бир айлык маянанын көлөмүнөн ашпайт. Андыктан, Фейсбук баракчасындагы биз тааныбаган атуулубуздун "ар бир депутат кассадан 200 миң сом алып атканын көргөндөр бар" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Дагы бир кошумчалай кетчү учур, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлеринин дээрлик бардыгы илгерки СССР учурундагыдай кассага кезекке туруп маяна албайт, банктык карточкаларына түз которулат. Демек, "200 миң сомдук ведомостко кол коюп жатканын көрдүк" деген дагы туура маалымат эмес. Дагы бир жагдай, мамлекеттик кызматкерлер баары эле бирдей эмгек акы албайт, арабызда өмүр бою мамкызматта иштеген адистер бар, алардын эмгек акысы кыйла айырмаланып турат. Бирок, ал дагы 200 миң сомду түзбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери жалпы жонунан башка мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген кызматкерлерден же министрлерден ашыкча эмгек акы албайт.

Азыркы оор учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары башканы коюп медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрүн өз учурунда төлөп берүү маселесин байма-бай көтөрүп келишет. Бул максатта Жогорку Кеңештин депутаттары жана комитеттери мамлекеттик бюджеттеги чыгымдарды кескин кыскартууга добуш беришкен. Анын ичинде Жогорку Кеңеш өзү дагы чоң кыскартууларга барууда. Бул жылы төраганын буйругу менен сатып алуулар, иш сапары, майда чарбалык ремонт сыяктуу иштер токтотулган.
Кошумчалай кетсек, төрага Дастанбек Жумабеков соңку үч айлык эмгек акысын ковидге каршы күрөшүү фондуна которгон, жалпы эл өкүлдөрү бир айлык эмгек акысын чегерген, "Кыргызстан" фракциясы эки айлык эмгек акысын которгон. Айрым депутаттар, мүмкүнчүлүгү бар аппарат кызматкерлери үй-бүлөсүнүн атынан эл катары жардамдашууда.

Кесиптештер, ар түрдүү шектүү маалыматтарды расмий тараптан тактап жарыялашыңыздарды суранабыз. Оору күчөп, көптөгөн атуулдарыбыз жакындарынан айрылып кайгыга батып турган маалда шашылыш, такталбаган маалыматтар кырдаалды ансайын ырбатып жибериши ыктымал. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрагага же депутаттарга кызмат кылбайт, парламентаризм, күчтүү парламентаризм жана ачыктуулук үчүн иштемекчибиз. Көбүңүздөр байкасаңыздар керек, биз ар дайым сиздер үчүн ачыкпыз, күнү-түнү байланыштабыз. Суранаарыбыз, маалыматтарды тактап анан элге бериңиздер. Рахмат!", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
09.07.2020. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элди алдап койуп журот булар, мен лично вапшим ишенбейм.
09.07.2020. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жооп бергенге мажбур болгондон кийин так туура жооп беришсе болмок. 30 000 сомдон июнь,июль августтун айлыктары 90 000 сом болот. Июнь отпуск болсун дейли, июль менен августка бензинге деп 40 000 сомдон 80 000 сом алышты. 90 000 сомго 80 000 сомду кошсо 170 000 сом болот. Бул суммага 30 000 сом отпуска акчасын кошсо 200 000 сом болот. Маалымат кызматы бензин акчасын жана отпуска эмес 2 айдын айлыгын да так жазбайбы? Же мен туура эмес эсептеп жатамбы?
Ngazi түзөттү 2020-07-09 09:49:30
09.07.2020. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
200мин эмес,300минден алабыз дебейсинерби.
09.07.2020. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кой ээ бир айлыкка он беш медикке коргонуучу каражат алып атса кайдагы 20 30 мин макул ушундай убакытта каникул керек беле чим... ??? Гум помощь келбей калып тарашты булар бообосо олтурмак чекчейип коздорун кызартып
Модератор admin_superstan түзөттү 2020-07-09 10:46:43
09.07.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булардын айлык акысы 30 мин сом болсо мен айына 50 мин сом иштеп 5 жылдан бери уй ала албай атам булар кантип байып байышат? Элдин акысын жеп журуп АЛЛАХ алдында кандай жооп берер экенсинер?
09.07.2020. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ибрагим Нуракун уулу сага эмне болгон, анча эле эмне депутаттар үчүн күйүп бышып жатасын, ит экенсиң
09.07.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Milashkaa, 200 миңден алган депуттар ар бири 2 миңден берип бул жигиттин оозун майлап койгондой. Депутаттар эч качан 25-30 алышпайт, алар болбоду дегенде 45 миңден 96 миңге чейин алышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: