Муфтият 29 диний окуу жайын 1415 орундуу обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даяр
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы республикадагы 29 диний окуу жайын 1415 орундуу обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даяр. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Муфтият, облустук казыяттар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 37 миллион сомдон ашуун тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү. Быйыл мечиттерибиз карантин учурунда жабык болгондуктан, 11 миллион сом битир-садака чогулду", - деп жазылат маалыматта.
Учурда өлкө боюнча 100дөн ашуун диний окуу жай, 3000ден ашуун мечит бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Кеп мечитке асылганда эмес. Ошол мечиттен жайылып жаткан ашкере исламдашуу жана сокур диний фанатизм болуп жатпайбы. Диний фанатизм вирустан да жаман керек болсо.